Кечээ, 26-июль Борбордук шайлоо комиссиясы 11-июлда болуп өткөн Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы кайра шайлоо боюнча соңку жыйынга чогулду. Анда, партиялардын жана талапкерлердин үстүнөн жазылган арыздар эске алынып, айрым патиялардын добушу жокко чыкты.
Бишкек шаардык кеңешине 18 партия ат салышып, 6 партия 7%дан жогору добуш алып, шайлоодон өттү деп таанылган. Бирок, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча арыздар каралып чыккан соң гана БШК мандаттарды расмий тапшырмак.
Натыйжада, БШК Бишкек шаарындагы 6 партия тең шайлоодон өткөндүгүн расмий жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram