7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэри шайлоо өнөктүгүнө катышты

357

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып, борбордогу N°1221 шайлоо участкасынан добуш берди.

Добуш берүү күнүндө Бишкекте 268 шайлоо участкасы иштейт. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган.

Бишкекте аралыктан добуш берүүгө арыздардын кыйла көп саны – дээрлик 5 миң арыз катталган.

Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн төмөнкү даректер боюнча 4 шайлоо участкасы ачылды:

  • Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547);
  • Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
  • К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
  • А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167).

358