7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамына 1100 бала катышты

327

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев жаш бишкектиктерди келе жаткан 2025-жаңы жылы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана эсте калаарлык кышкы эс алууну каалады.

«Бүгүнкү жаңы жылдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун. Силерге ар дайым жарык маанай, бактылуу балалык, алдыга койгон асыл тилектериңер, таттуу кыялдарыңар ишке ашышын каалаймын»,– деп белгиледи Жунушалиев.

Иш-чаранын катышуучуларына «Ысык-Көлдүн уламышы» аттуу жаңы жылдык жомок коюлду.

Майрамдык иш-чарага 1100 бала катышты, алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетимдер, тоголок жетимдер, оор турмуштук кырдаалдагы балдар, саламаттыгына байланыштуу үйдөн окуган окуучулар, мыкты окугандар, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Концерттин соңунда бардык балдарга жаңы жылдык таттуу белектер тапшырылды.

328