7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Торугарт трассасында кырсык катталып, тогуз адам жабыркады

843

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 343-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav 4 кагышып, тогуз адам жабыркаган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бус 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.

Кырсыктан жабыркаган 9 адамдын төртөө Toyota Rav 4 (айдоочу жана үч жүргүнчү) унаасында бараткан, бир жүргүнчү реанимация бөлүмүндө жатат. Ал эми алган 5 адам бустун жүргүнчүлөрү болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган, дагы экөө реанимацияда.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844