7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак: Сойкулар менен баңгизат сунуштап иштеген көмүскө жай табылды

445

Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарджы колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган.

Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, Сузак РИИБдин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.

Кызматкерлер тарабынан  30 жаштагы  жаран «Т» кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446