7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Торугарт унаа жолунда айдоочу 48 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

749

Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында жөө жүргүнчүнү сүзүп,  качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда саат 01:48 чамасында Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы С.Д.Г. аттуу эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон.

Кечээ, 9-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга шектелип “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы Г.А.А. аттуу айдоочусу кармалган.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750