7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: Унаа токтоочу жайдан мыйзамсыз акча жыйнагандар колго түштү

2616
Бишкекте унаа токтоочу жайдан оператордун кийимин кийип, мыйзамсыз акча жыйнаган алдамчы операторлор кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта мэриянын расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык «Бишкек унаа туруктары жана токтотмолору» муниципалдык ишканасы мыйзамсыз операторлордун ишмердүүлүгүн алдын алуу боюнча рейд өткөргөн.
«Биз Шопоков көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин рейд жүргүздүк. Рейддин жүрүшүндө унаа токтотуучу жай үчүн шаардыктардан мыйзамсыз акча чогулткан адамдар аныкталды. Буга чейин ишкананын адистери бул адамдарга алардын иш- аракеттеринин мыйзамсыздыгы тууралуу бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, бирок эртеси эле алар кайра шаар көчөлөрүнө чыгып жатышкан«-деп жазылат.
Мыйзамсыз операторлор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алар мыйзам негизинде жоопко тартылат.
«Урматтуу шаардыктар! Эгерде операторлор атайын жилеттер менен жабдылбаган болсо жана төлөм талону берилбесе, социалдык түйүндөр аркылуу видео жана фото фактылар менен «Бишкек унаа туруктары жана токтотмолору» муниципалдык ишканасына кайрылыңыздар. Биз социалдык тармактарда дагы барбыз«- деп кайрылуу таратты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2617