Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн кыз кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, март айынан бери Алай районунун Гүлчө айыл аймагында, Алай РИИБнө уурулук боюнча арыз даттануулар байма-бай түшүп турган. Аталган арыздардын негизинде уурулукка шектүү катары Алай районунун Гүлчө айылынын 8-класста окуган тургуну, 13 жаштагы Н.С. аттуу кыз кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды.
«8-класстын окуучусу үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын кулпулабастан кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн. Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-беренин (уурдоо) неизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгү 2 миң 800 доллар (эки миң сегиз жүз) болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген. Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат», — деп берилет маалыматта.