Июль айынын орто ченинде Түп РИИБне Чоң-Тогузбай айылынын эки тургуну кайрылып, айылдын четине 10 баш аркандап койсо, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Такталгандай, аталган фактылар Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш ишине алынган.
Жакында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмашка шектүү үч жаран кармалган. Алар, 22 жаштагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну М.Р., Түп районунун Чоӊ-Тогузбай айылынын тургуну Т.М. жана Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну С.А. болуп чыгышты жана алгачкы суракта, өздөрүнүн күнөлөрүн толугу менен мойундарына алышты.
Кылмышка шектүү катары кармалышкандар сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдардын башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар же жоктугу боюнча тергөө амалдары уланууда.