7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

145

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.

Алсак, ушул мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамга жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

  • Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин компетенцияларын тактоо;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрияларынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү тартибинде жаңыртуулар;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин ыйгарым укуктарын конкреттештирүү;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптарды толуктоо;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордуна дайындоонун тартибин белгилөө;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордунан бошотуунун тартибин тактоо;
  • Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин орун басарларын дайындоо тартибин аныктоо.

 

146