7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ЖЭБин оңдоо иштери башталды

140

Бишкек Жылуулук электр борбору масштабдуу оңдоо кампаниясын баштоодо. Оңдоп-түзөө иштеринин максаты 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилинде ишкананын ишенимдүү иштешин камсыздоо болуп саналат.

Кампаниянын алкагында бир казан агрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 4 казан агрегатты утурумдук оңдоо, бир турбогенераторду капиталдык оңдоо жана 4 турбогенераторду утурумдук оңдоо, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоп-түзөө иштери пландалууда.

Оңдоо иштери бир нече этапта жүргүзүлүп, негизги энергетикалык блокторго жана көмөкчү тутумдарга таасир этет. Ошону менен бирге эскилиги жеткен бөлүктөрдү алмаштыруу, автоматташтыруу системасын жакшыртуу жана энергиялык натыйжалуулукту жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

141