8-апрель, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Талас аймагында +18…+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +24…+26 градуска жетет.