7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке эки электробус келе жатат

370

Anhui Ankai Automobile Co. Ltd. компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус келе жатат.

Учурда Торугарт өтмөгүндө турат. Бажы иш кагаздары даяр болгондон кийин Бишкекке алынып келип, терминалга түшүрүлөт.

«Бул электробустар айдоочуларды окутуу жана даярдоо, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүү үчүн арналган. Электробустардын негизги партиясы БШТ МИнин №4 жана №5 базаларын модернизациялоо аяктагандан кийин алынып келет. Учурда курулуш иштери уланууда жана анын аякташы 2025-жылдын май айынын аягында күтүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Электробустарды киргизүү долбоору Бишкектеги экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчү ташуулардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Азия өнүктүрүү банкынын “Шаар транспортун электрлештирүү” долбоорунун алкагында борбор калаага жалпысынан 120 электробуска келишим түзүлгөн, ал эми алар июнь айларынын аягында келүүсү күтүлүүдө.

371