7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 1 ай бою ысык суу өчүрүлөт

797

Борбор калаада ысык суу 16-майынан 16-июнуна чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү  буйрукка (№88-р) Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

«Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө, жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798