7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мотоциклге отуруп кеткен. Бишкекте 15 жаштагы Айзада изделүүдө

134

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов району боюнча ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-октябрында райондук ИИБге Н.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылы туулган жашы жете элек кызы Казакбаева Айзада Канатбековнаны табууга жардам берүүнү суранган.

Белгилүү болгондой, өспүрүм 12-октябрда болжол менен саат 23:00дөр чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Советская көчөсүнүн кесилишинде мотоциклдин рулуна отуруп, белгисиз тарапка кеткен. Азыркы убакка чейин дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: бою болжол менен 165–170 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун, күрөң түстө. Үстүндө боз пальто, кара водолазка, кара шым жана кара бут кийим болгон.

«Эгерде сизде Айзада Казакбаеванын кайда экенин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюуңуздарды суранабыз: 0 (557) 31-05-99 жана 102», – деп айтылат маалыматта.

135