7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 171 миң жоогазын отургузулду

607

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 171 миң жоогазын көчөттөрүн отургузду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Борбор калаанын гүлзарларына жоогазындын баштарын отургузуу башталды. Жазгы гүлдөрдүн ар түрдүүлүгү шаар тургундарын түстөр жана оймо-чиймелер палитрасы менен кубандырат.

“Жазында шаардыктар Жаштар аллеясында, Эмен паркында, Пушкин көчөсүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанында, театралдык скверде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, «Жомок» скверинде жоогазындын кооздугуна күбө боло алышат”- деп айтылат маалыматта.

Өткөн жазда борбор калаада 160 миң жоогазын гүлдөгөн.

Белгилей кетсек, жоогазындар соолуп калгандан кийин, баштары кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайра отургузушат.

 

 

 

608