7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 19 жаштагы жигит курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап кетти

1286

Бишкек шаарында 19 жаштагы жигит курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап кетти. Жаш жигит тирүү калган, бирок оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой,  окуя 1-мартта болгон. 2002-жылы туулган Ж.Э. Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жаткан.

Жаш жигит Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, ал баш мээсинен жаракат алып, эки буту, ийини, оң далы сынган. Сол далы чыгып кеткен.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталды.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

1287