7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 2 миң доллар талап кылып, анын 85 миң сомун алып жаткан жеринен Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү кармалды

941

Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды.

Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга жаран кайрылган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

942