Бүгүн, 5-апрелде Эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү “Ала — Арча” көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Марат Алышпаев менен коштошуу зыйнаты Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында өтүп, иш-чарага Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышкан.
Эске салсак, Марат Алышпаев 4-апрелде 75 жаш курагында дүйнө салган.