7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда 31 жаштагы киши жубайына 22 жолу бычак сайган

796

Бирск шаарынын тургуну аялын өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу Башкириянын тергөө комитетине таянып, орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 21-март күнү 31 жаштагы айыпталуучу 26 жаштагы жубайынын косметика саткан дүкөндөгү жумушуна барып, денесине, башына жана колуна кеминде 22 жолу бычак сайган. Аялдын кесиптештери полиция менен тез жардам кызматын чакырышкан. Дарыгерлер кансыраган жабырлануучунун өмүрүн сактап кала алышкан.

Ошол эле күнү кол салган адам кармалып, ага карата баш коргоо чарасы тандалып, камакка алынган. Тергөөчүлөр иш боюнча далилдерди чогултууну улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

797