7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 25 жаштагы террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

671

Бишкек шаарында «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айында Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы тарабынан У.Д. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ малекеттеринин бирине барган кезде «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда дагы алардын идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672