Москвада 22 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу Москва шаарындагы «Аксы» коомунун төрагасы жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Маалыматка ылайык, каза болгон жигит Жалал-Абад обулсунун Аксы районунун кулуну. Аны унаа сүзүп кеткен.
«Каза болгон 22 жаштагы Кыргыз жараны өткөн жылы Москва шаарына иштегени келгени аныкталды. Аны 13-март күнү Москванын көчөлөрүнүн биринен унаа сүзүп кетиптир. Ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин жардамына карабай каза болду. Бүгүн, 16-мартта сөөгүн кичи мекенине жиберебиз», — деп билдирген «Аксы» коомунун төрагасы.