Филатовский айылындагы (Тамбов облусу) турак үйлөрдүн биринде эски сыналгы жарылып, беш адам каза болду. Бул тууралуу «Life shot» телеграм каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, маркумдар өрт учурунда уктап жатышкан, алардын ичинен төртөө эркек (61 жашта, 56 жашта, 53 жашта, 49 жашта) жана бирөө аял (45 жашта). Телевизордун жарылуусунан улам көмүр кычкыл газына ууланышкан. Сыналгы коңшу бөлмөдө болгон.