Бишкекте жигит кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган. Бул тууралуу 7-каналга Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-майда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде белгисиз жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн.
Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп, ал жерге келген учурда 1997-жылы туулган Ч.Д. аттуу жигит кызганычтын айынан 1997-жылы туулган Д.А.нын мойнуна бычак сайып, андан кийин өзүнүн мойнуна бычак сайган.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жатканда кыз алган жараатынан улам каза болгон. Ал эми жигит комада ооруканага жаткырылган, учурда кайтарууда жатат.
Бул факты Свердлов райондук милициясына Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.