Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү болжол менен саат 21:40 чамасында 1996-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып , Ч.Айтматов көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилип, унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.