7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 29 жаштагы кыздын уктоочу бөлмөсүнөн 66 грамм героин табылды

1172

Баңги затын сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-декабрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда Сокулук РИИБдин кызматкерлерине Орок айылынын тургуну сатуу максатында үйүндө баңгизатын сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция Т. Э. аттуу 29 жаштагы жарандын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында кыздын уктоочу бөлмөсүнөн уксустукундай жыты бар кара күрөң түстөгү зат салынган пакет табылган. Экспертиза анын 66 граммдан ашык героин экенин көрсөттү.

Аталган факты Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылымшытардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийинчерээк сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1173