Бүгүн, 19-майда Бишкекте беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 7-каналга Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кеслишинде саат 10.00дөр чамасында «Nissan», «Daewoo Nexia», «Toyota», «Lexus» жана «Ravon» үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
«Жол кырсыгынан «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркаган. Учурда жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда»,-деп берилет билдирүүдө.
Кошумча маалымат берилет.