ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде өлкөнүн жети дубанына жүргүнчүлөрдү ташыган таксилердин, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана башка эл аралык каттамдарга каттаган автобустардын айдоочуларын биримдикке чакырып, ооз ачар тамагын уюштурду.
Бул ифтарлыкка жалпысынан 500гө жакын адам чогулган. Баарлашуу учурунда айдоочуларга жол эрежесин сактоо керектиги эскертилип, өз кезегинде айдоочулар да жол милициясынын жетекчилигине каттам учурунда туш болгон көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.