1-апрелде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Баткен өрөөнүндө +11…+16, Талас жергесинде +10…+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +7…+12 жана Нарын жергесинде +6…+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ошто +15…+17 градуска көтөрүлөт.