7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 6 көчө кесилишине чакмак жол чийиндери чийилди

516

Бишкек шаарында жол тыгынын азайтуу, ошондой эле кесилиштердеги кырсыктарды алдын алуу  максатында, пилоттук режимде төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийилди:

— Манас проспектиси – Киев көчөсү;

— Манас проспектиси -Токтогул көчөсү;

— Манас проспектиси — Москва көчөсү;

— Манас проспектиси — Бөкөнбаев көчөсү;

— Чүй проспектиси -Тоголок Молдо көчөсү;

— Исанов көчөсү -Токтогул көчөсү.

Мындай белгилер кесилишке эреже бузуу менен чыга калган айдоочуларды тартипке салууга мүмкүндүк берүүчү кошумча чара катары колдонулат.

Буга чейин “Коопсуз шаардын” фото жана видеофиксация камералары жол кыймылынын абалын, анын ичинде кесилиште жол кыймылына тоскоолдук жаратып жаткандарды туура аныктай алган эмес.

Эреже бузгандар көбүнчө жазасыз калган. Азыр, эгерде унаа белгилүү бир убакыттан ашык мөөнөткө ушул белгинин чегинде болсо, анда ал автоматтык түрдө эреже бузуу катары катталат.

Андан тышкары эреже бузуу тууралуу Кайгуул милициясынын кызматкерлери байкаган болсо, протокол толтурулуп, айып жазылат.

Чакмак жол чийиндеринде унаалар башка жол кыймылынын катышуучуларынын өтүүсүн 5 секунддан көпкө тоспошу керек.

Айдоочу жолдогу чакмак чийинди көргөндө, аны тебелеген абалда калбоосу үчүн жана башкаларга тоскоолдук жаратпоосу  үчүн агымдын жана өзүнүн кыймыл ылдамдыгын эсепке алышы зарыл.

Эгерде ар кандай себептерден улам унаа кесилиште көпкө кармалып калса жана камера кырдаалды фиксация кылган болсо, анда унаанын ээсине айып чегерилет.

Белгилей кетсек, чакмак чийиндин үстүнө токтогонго таптакыр тыюу салынган эмес.

Чакмак чийиндин үстүнө токтоого толук уруксат берген жагдайлар да бар. Мисалы: кесилиште бурулганда жөө жүргүнчүнү өткөрүп жиберүү же солго бурулуп жаткан каршы тилкедеги унааны өткөрүп жиберүү үчүн токтогонго уруксат берилет.

Аталган чаралар шаардын жол-транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу жана шаардагы тыгындарды азайтуу максатында иштелип чыкты.

 

517