7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 9 батир жана коммерциялык жай мамлекетке өттү

287

Бишкекте келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Президенттин буйругу менен 1996-жылы мейманкана республикалык «Дыйкан-Ордо» эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берген.

Бирок, 2005-жылы республикалык «Дыйкан-Ордо» ассоциациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы И.Р.А. өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген тартипти бузуу менен «Ак-Сай» мейманканасын С.Э.А. аттуу жаранга 1 млн сомго саткан.

Бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктоодо. Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион 554 миң сомду түзөт.

288