7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте адашып кеткен 70 жаштагы апа үйүнө жеткирилди

282

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 70 жаштардагы апанын үйүн таап, жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 22-январда болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек шаарынын Каракеев көчөсүндө улгайган апа адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда болжол менен жашы 70 жаштагы Н.В аттуу улгайган апа бир күн мурун үйүнөн чыккан бойдон адашып, үйүн таппай жүргөндугүн кабарлаган.


Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан жашаган дарегин таап, жакын адамдарына сак саламат өткөрүшүп беришкен.


Өз убагында милициянын кайгуул кызматынын бул ыкчам аракетине жакын адамдары рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283