7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча чемпионат өтөт

329

13-15-ноябрь күндөрү «Динамо» спорт комплексинде аскердик кармаш уруш боюнча Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата генерал майор Эргеш Алиевдин Жаркын элесине арналган ачык чемпионат өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • эркектер: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг;
  • кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.
  • комплекстүү жекеме-жеке урушуу: 73, 83, +83

Мелдештин программасы:

  • башталышы – 13-ноябрь, саат 9:00;
  • салтанаттуу ачылыш аземи – 13-ноябрь, саат 14:00;
  • финал беттештер – 15-ноябрь, саат 9:00.
330