Бишкекте , кечээ 27-августта «Ата бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында аскер кызматкерлери бара жаткан камаз унаасы жол кырсыгына кабылган.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Аскердик институттун курсанттары ал жакка ант берүү үчүн барышкан.
«Ар кандай жараат алган 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.