7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте автоунаа алып сатар алдамчы жаран кармалды

370

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 25-январында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына К.А аттуу жаран, 2018-жылы июнь айында ижара алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жол менен 290 миң сомдук “ Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алган Ч.А аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.


Анын айтымында, шектүү андан кийин ал автоунаасын үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн каражатты жеке муктаждыктарына жумшаган.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.


Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматы тарабынан кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.А аттуу жаран кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

371