7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «B5+1» бизнес форумунун экинчи иш күнү башталды

360

«Бизнес 5+1» иш-чарасы АКШ менен Борбор Азиянын бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн иш-чара.

Бул иш-чара кечээ, 4-февралда өз ишин башталып, АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыкты өркүндөтүүгө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги белгиленди.

Бизнес форум саясий келишимдер менен аларды долбоорлор, инвестициялар жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруунун ортосундагы көпүрө болуп саналаарын форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрындагы C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) министрлер кабинети менен биргеликте Бишкекте экинчи «B5+1» форумун өткөрүп жатат.

Мында Алматы форумунан бери жетишилген ийгиликтер талданып, Борбор Азияда аймактык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүүгө жана Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган жаңы артыкчылыктар аныкталат.

Форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциациялары жана эксперттери катышууда.

Эске салсак, биринчи «B5+1» форуму 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.

361