Райондук администрацияларда жашоо шартын жакшыртууга муктаж каттоодо турган балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тапшырды. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышып, өз сөзүндө мэрге мындай демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.
Батирлер Емельянов Ю.Н. — Краснореченская атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Байбосунов И.У. , Джекшенов Н.С., Нукеш У.К. , Эркинбекова Ж.Э. , Атанов Б.К. берилди.
Турак-жай маселелери боюнча коомдук комиссиялардын курамына балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.