Сербияда өткөн 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан 21-орунга жайгашты. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-3-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп, турнирге Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын курамында 8 спортчу катышты. Марлен Асикеев чейрек финалга чыгып, 7-орунду ээлеп, Акыйкат Кулжигит уулу чейрек финалга чыгып, 9-орунга ээ болду.
Командалык мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 12 упайга ээ болуп, 44 команданын ичинен 21-орунду ээледи.