Бишкекте куткаруучулар 4-кабаттан 1-кабаттын бастырмасына кулап түшкөн аялды түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши кулап түшкөн. Аты-жөнү такталууда.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Белгиленгендей, анын абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган.