УКМК Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын эки диний лагери жабылганын билдирди.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй иштеп аткан диний лагерлерде 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алып жатышкан.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лагерлерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбаганы, билим берүү программалары да бузулганы аныкталган.
Ушул тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.