13-июлдан 17-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ маалымдагандай, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Коопсуздук эрежелери:
Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.