7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Резонанс жараткан Айтургандын өлүмүн милиция териштирип баштады

394

Маркум Айтурган Маматкулованын жакындарынын видеокайрылуусу соцтармактарда тарап жатат. Туугандары 25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгонун билдиришкен.

Учурда Айтурган Маматкулованын өлүмү милиция тарабынан териштирилип жатканын Октябрь РИИБден маалымдады.

Бул Факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат журналына катталган.

«Кийинчерээк материалдар Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген (окуя болгон аймак). Сөөктү сырттан кароодо эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Дарыгердин алгачкы корутундусунда «Медикаментке уулануу. Суицид. Курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги» деп жазылган», — деди милиция.

Ал эми анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Маматкулова киши колдуу болгон деп шекшип жатышат. Кыздын апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.

Укук коргоо органдары толугураак маалыматты кийинчерээк берет.

395