7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте батирден 705 миңге жакын акчаны уурдап кеткен жаран кармалды

611

Бишкекте көп кабаттуу батирден 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү шектүү Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде кире бериш эшиктин кулпусуна туура келген ачкычты тандап, ичине кирип, 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен (уурулук) кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөр жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон 1981-жылы туулган Казак жараны кармалган жана убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Ленин районунун соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612