7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бир катар билим берүү мекемелери ачылды

716

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бир катар билим берүү мекемелеринин ачылышына катышты.

Биринчилерден болуп 7-кичи районундагы 560 орунга ылайыкталган №40 жаңы бала бакча ишке берилди.

Андан ары шаар жетекчиси №68 мектеп-гимназиясынын жаңы спорттук комплекси менен таанышып чыкты. Спорткомплексинин ачык жана жабык корпустары бар. Жабык бөлүгүндө хореография, дзюдо, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол жана теннис залдары, жуунучу жана чечүнүүчү жай, даараткана жана башка бөлмөлөр жайгашкан. Ал эми ачык аянтчада болсо, чуркоо тилкеси, кичи футбол талаасы жана машыгуу жабдуулары бар.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев 220 бөбөккө арналган №8 бала бакчанын жаңы корпусунун ачты.

Иш-чарада мэр белгилегендей, оптимизация иштеринин ыкмаларын колдонуу менен бала бакчалардагы балдардын саны жогорулады.

717