7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бирөөлөрдүн жерин сатып, миллиондорду чапчыган шылуун кармалды

3611

Бишкекте 54 жаштагы алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, ал жабырлануучуларга Чүй облусунан жер тилкелерин берүүнү убада кылып, акчаларын алган соң из жашырып кеткен. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үстүнөн милиция кызматкерлерине биринчи арыз 22-февралда келип түшкөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2014-жылдын январь айында шектүү төрт сотых 4 жерди бөлүп берүүнү убада кылып, андан 9 миң 200 доллар алып качып кеткен.

Белгиленгендей, кыш аяктагандан бери Ленин райондук ички иштер башкармалыгына ушундай эле таризде дагы төрт арыз келип түшкөн.

Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Сот аны Бишкек шаарынын СИЗО-1 тергөө абагына эки айга камакка алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3612