7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бир нече мотоцикл уурдоого шектүүлөр кармалды

603

Бишкекте бир нече мотоцикл уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну «Honda NSR» үлгүсүндөгү (160 миң сом) мотоциклин көп кабаттуу үйдүн короосуна токтотуп, эртең менен таппай калган. Окуя 10-ноябрга караган түнү 5 кичирайондо болгон.

Аталган факты Жазык кодексинин 206-беренесинин («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
3-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган С.К., 1994-жылы туулган Ш.М., 1994-жылы туулган С.Э. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүнөн дагы эки уурдалган мотоцикл табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

604