7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат берген жаран 6 айга кесилди

769

Бишкекте телефон аркылуу бомба коюлду деп жалган маалымат берген жаран 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февралында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө террорчулук тууралуу жалган маалымат тараткан 1982-жылкы Н.А.А. аттуу жаран кармалып, муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

770