7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды

326

Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка караганда, «А» аттуу жаранда граната жана ок-дарылар бар экендиги, ал куралдар менен кылмыш жасоону көздөп жүргөндүгү маалым болгон.

Шектүүнүн өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, ал чет элдик жаран экендиги такталган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору, уюлдук компаниялардын сим карталары, банк карталары жана шек жараткан китептер табылган.

Чет өлкөлүк 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

327