Бишкек шаарында 25-апрелде «ColorFest 2021» боёк фестивалы өттү. Бул тууралуу фестивалдын катышуучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Ден соолук» паркында уюштурулуп, алардын көп бөлүгүн жаштар түзгөн. Фестивалдын башкы максаты жаштарды ынтамкка чакыруу болгон жана анда ар түркүн түстөгү боёктор чачылып, көңүлдүү өткөрүлгөн.
“Фестиваль жаштардын дем алыш күнүн кызыктуу өткөрүүгө, алардын өз ара баарлашуусун бекемдөөгө багытталган. Боёк фестивалы буга чейин дагы бир нече жолу өткөрүлгөн”, — деп берилет маалыматта.