Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Залкар жазуучу кечээ, 25-апрелде катуу оорудан улам көз жумган. Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.
- 1958-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
- 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.
Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редактор кызматынан баштаган.
- 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРнын Маданият министрлигинде;
- 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРнын Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
- 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
- 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
- 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган;
- 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.